Мектеп жонундо

Мектептин тарыхы

«Карт тарых саябандуу бак сыяктуу
Эскини, откондорду эске салат
Учугун улап улам кийинкилер
Бабалар саптарында ак жол улайт.»

Алыскы Бейше мектеби
Айтылсын мектеп эмгеги

1927 — жылы Айтматовдун «Биринчи мугалиминдегидей» айылдагы тай сарайда, анан айылдык аксакал Тилекбай акенин уйундо ачылган мектеп — бугунку кунго чон орто мектепке айланып, келечек ээлерине билим-тарбия берип келет. Бир кылымга чукул мезгилде мектебибиз миндеген бутуруучулорду бутуруп, аларга бекем билим беруу менен турмуш жолдоруна туруктуу багыт беруу менен жашап келет.
Архивдик тактамадан: 1927-жыл башталгыч мектеп болуп ачылган.
1948-52 жылы жети жылдык мектеп болгон.
1961-жылы сегиз жылдык мектеп болуп,
1968-жылы он жылдык мектеп болгон.
1991-жылдан баштап он бир жылдык мектеп болуп,
Б.Урстомбеков атындагы жалпы билим беруучу
орто мектеби болуп которулган.
Мектептин биринчи директору болуп Токоев (1937ж) дайындалган, андан кийин мектепти оздорунун ишин жакшы билген жетекчилер Абакиров, Э.Элебаев, В. Мамажанов, Р. Акматжанов, Т. Абдылдабеков, А. Абдраимов, К. Бексултанов, Т. Жаныманов, Т. Монолов, К. Сулайманов, К. Итигулов, М. Рысалиев, И. Асанбеков, А. Нурманбетова, А. Ашырбеков жетектеп келишкен. Бугунку куну мектепти С.А.Молдалиев жетектеп келуудо.

Мектебибизден билим алып чыгышкан бутуруучулорубуз бугунку кунго оз айылыбыздан баштап республикабыздын булун-бурчтарында айыл-чарба тармагында, ондурушто жана башка тармактарда иштеп келишет. Биздин мектепти бутурушкон коптогон белдуу, республикабызга таанымал адамдар да чыгышкан.
Биздин мектептин бутуруучулорунон ичинен – социалисттик эмгектин баатыры Бурулбубу Турдубаева, милициянын генерал-майору Токтожума Жээналиев, мектебибиз ысмын алып жургон, тарых илимдеринин кандидаты Бейше Урстомбеков, биология илимдеринин кандидаты-Нарын мамлекеттик университетинин деканы Токтосун Атанаев, техника илимдеринин кандидаты-Бишкек авто-жол колледжинин директору Асылбек Алымкулов, саясий илимдердин кандидаты- Кыргыз-Манас-Турк университетинин окутуучусу Бакыт Орунбеков, мугалим-врач-инженер-экономисттер, 20 бутуруучу мектепти «Алтын медаль» менен аякташкандар.
Мындай бутуруучулорубуз жуздоп саналышат.
Мектеп озунун бутуруучулоруно мугалимдер жонундо жакшы сезимдерди жана мугалимдик эмгекке сыйлоо жана урмат менен мамиле кылууну уйроткондур… Мумкун, ошондуктан бугунку куну коптогон бутуруучулорубуз мугалимдик кесипти тандап келишет.
95 жыл: бул коппу же азбы? Жок, коп! Анткени биздин мектептен буткон миндеген бутуруучулор мугалимдер тарабынан ата-энедей камкордук, колдоо жана негизги багыт болуп эсептелген билим алып чыгышты. Ар бир муунга озгочо болгон эн жакын жана суйуктуу деп эсептелинген мектебибизди ыйык сактап жана бири-бирине откоруп келген ыйык салттары бар. Анткени биздин билим беруучу орто мектебибиздеги педагогикалык жамааттын алдыга койгон чон максаттары бар жана жогорку иштермандыктары менен айырмаланышат. Педжамааттын педагогикалык жондомдуулукторуно жана билим-денгээлдерине ылайык, бугунку кунго мектеп чыгармачылык онугуунун устундо. Себеби мектебибиз мурдагыдай жаш, таланттарга, жаныланууга, чыгармачылык изденуулорго бай. Бугунку кунго мектебибизде алдынкы мугалимдерибиз «Билим беруунун отличниги» тош белгисинин ээлери С.А Молдалиев, К.Озубекова, Б.Коюлчиева, Д.Абылкасымова, А.Маленкуловалар менен бирге оз ишин мыкты билишкен мугалимдер М.Кожошова, Г.Уркунчиева, Ж.Сатарова, Ж.Эгешова, Ж.Дардаилова, А.Биримбек кызы талыкпай эмгектенип келишет. Куттуу мектептин намысын коргоп, окуучуларга сапаттуу, терен билим беруунун устундо мугалимдер жамааты изденуучулук менен алектенип келишет. Себеби биз тарбиялаган муундар биздин келечегибиз эмеспи. Андыктан сапаттуу, терен билим алышкан окуучу-бутуруучулорубуз калктын жашоо-денгээлин жогорулатмакчы.
Мектептин бугунку кунго 95 жыл толушун кеп кылууда биз педагогикалык эмгекти аркалаган жана эн жакшы жылдарын жана эмгектерин мектепке, келечек муундарга арнаган ардагер мугалимдерибиз жонундо айтпай кетпесек болбойт. Ошол адамдар мектептин бугунку кундогу данктуу тарыхын тузуп отурушат.Кимдир бироолору ардактуу эс алууда, кээ бирлери педагогикалык эмгек жолун дагы деле улантууда, ал эми кээ бир агай-эжейлерди кайгыруу менен эстейбиз… Бардыгын атап отуу мумкун эмес, бирок кээ бирлерин атап кетсек болот: Кураналиев Кубаталы, Секеленова Нуркан, Молдалиев Аскарбек, Орозматова Нуржамал, Эрмекова Мария, Сагынбаева Асыл, Абдыкадырова Ырыс, Шакирова Майрам, Жаналиева Арзыкан, Жээналиев Аманбай, Асанбеков Идирис, Ашырбеков Акен, Абдиева Алым, Дыйканбаева Сурма, Дардаилов Эсенгул агайлар… Бул агай-эжелерге терен таазим этебиз, себеби эмгек китепчелеринде бирден эле жазуу болгон жана омур бою билим беруу менен бирге жашоонун баалуулуктарын суйууго, татыктуу инсан болууга жан аябай эмгектенип келишкен.
Ар бир атуулдун турмушунда билим дуйносуно алып баруучу, жашоого жана ар тараптуу онуккон инсан болууга жол корсотуучу озунун мектеби болот эмеспи. Андыктан мектепти аяктагандан кийинки турмуш жолдорунда кезигуучу ар кандай тоскоолдуктарды басып отууго уйротушкон алтын мугалимдер эмгектенишкен бугунку № 3 Бейше Урстомбеков атындагы орто мектепти оздорунун суйуктуу мектеби катары баалап, барктап, алыс журушсо дагы кабар алып келишет.

Жогоруда айтылган 1961-жылы ашар жолу менен саман аралашкан ылай кирпич менен курулган мектебибиздин №1 корпусу бугунку кунго республикабызга таанымал инсан генерал Токтожума Жээналиевдин жардамы аркылуу «Айылды инвестициялоо жана онуктуруу» (АРИС) агенттигинин жардамы менен толук капиталдык ремонттон откорулгон. Мындан сырткары Финансы министрлигинен каржылоочу дем беруучу грант тарабынан № 2 корпусубуздун усту чатырланган.
Алыскы райондогу айылдык мектепке боло берет деп отура бербей, демилге которуп аракет кылып, коп алгылыктуу иштерди багынтып, шаарлардагы айрым мектептерден ойдо иш алып баруу менен алектенип келебиз.
Айылыбыздын эли сууну айылдын ичин аралап откон чон суудан ичишет. Айылыбызда таза суу жок. 2014-2015-окуу жылынын башталышы менен мектепке шашке тамагына жана деги эле окуучулардын таза суу менен камсыз болушуна аракет корулуп, мектептен таза суу чыгарылды. Бул иш мектеп, айыл окмоту тарабынан ишке ашты. Мындай иш окуучулардын ден-соолугуна болгон камкордук жана ден-соолуктарынын чын болушуна шарт тузот деген ойдобуз.

2015-жылдын 1-сентябрынан баштап, БУУ БДАТПнын «Кыргыз Республикасында мектепте тамактандыруу программасын оптималдаштыруу» программасынын алкагында Кыргыз Республикасындагы 250 пилоттук мектептеринин ичине кирип, заман талабына жооп бере турган ашкана жабдыктары менен камсыз болдук жана 1-4 класстарга ысык тамак бериле баштады. Мектепте видеокозомол орнотулган. 2016-жылдын 1-мартынан баштап, сметалык баасы 55 млн 267 мин сомдук «Жеруй» тарабынан каржыланган мектептин жаны 225 орундуу имаратынын курулушу башталган

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

На весь экран