Ата-энелер үчүн маалымат

Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!

№3 Бейше Урстомбеков атындагы жалпы билим беруучу  орто мектебинде класстар аралык “Энелер мектеби» программасынын негизинде иш аракеттерди жургузуп баштады.

Класстар аралык “Энелер мектебинде” 1-класстан баштап ар бир класстын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алып үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо ата-энелерге жардам берүүчү, усулдук багыт берүүчү темалар камтылган.

         Программада алгач 1-11-класстардын ар биринин жаш өзгөчөлүктөрү, моралдык-психологиялык өсүү закон ченемдүүлүктөрү жана ошолорго ылайык тарбиялык таасир берүү методдору камтылды.

         Мында балдарды мектепке, мугалимге урмат-сый, кызыгууга тарбиялоо, үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климат, өзүн-өзү тарбиялоо, өзүн-өзү тейлөө, акыл эмгеги жөндөмүн өстүрүү, ой-өрүшү кругазорун өстүрүү ж.б. темалары камтылды.

 Өзгөчө балдардын үй тапшырмасын аткаруусун уюштуруу, ага шарт түзүү, контролдоо, эс алуусу, тамактануу, ойноо, эмгектенүү ж.бны туура уюштурууга маани берилди.

Балдардын чарчап чалыгуусу, баш-нерв ооруусунун алдын алуу, ден соолугун чыңдоо, спорт менен машыгуусу ж.б арналган темалар бар.

Бала тарбиясында ата-эненин жеке үлгүсү, тарбиянын максат, методдору, сырлары жөнүндөгү темалар берилип, амалияттык иш, машыгуу, көнүгүүгө саат бөлүнгөн.

Класстарына ылайык тарбиянын түрдүү багыттары:
акыл-эс, эмгек, адептүүлүк, ыйман, эстетика, этика ж.блар камтылган.

Урматтуу ата-энелер! «Энелер мектеби» программасынын негизинде алгылыктуу иштерди, сиздер менен биргеликте иш алып барып, жакшы жыйынтыктарды чыгарабыз деген ишеничтебиз…

Кулактандыруу!!!

Урматтуу ата-энелер! 2022-жылдын 24-октябрында саат 1100 до жалпы ата-энелер чогулушу откорулот.  Чогулушта маанилуу маселелер каралат. Ошондуктан кечигуусуз келип, толук катышып бериниздер.